Балдар жана жаштар (#15344)

О, Кудай, мени башкар, мени сакта, мени жанып турган чырак, жаркыраган жылдыз кыл.  Сен Кудуреттүү жана Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Балдар жана жаштар (#15345)

О, Кудай! Ушул наристени Өз сүйүүңдүн бешигинде тарбияла жана Көрөгөчтүгүңдүн ак сүтүн эмиз. Ушул жаш көчөттү Өз сүйүүңдүн гүлдүү багында асырап, жоомарттыгыңдын нөшөрү менен ага өсүүгө жардам бер. Аны Падышалыгыңдын перзенти кыл жана Өзүңдүн асмандагы ээлигиңе багытта. Сен Кудуреттүүсүң жана Изгисиң, Сен Сыйкорсуң, Айкөлсүң, чексиз жоомарттыктын Теңирисиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Балдар жана жаштар (#15346)

О, Кудай! Ушул балдарга өзүң тарбия бер. Бул балдар - Сенин бакчаңдын өсүмдүктөрү, шалбааңдын гүлдөрү, гүлзарыңдын раушандары. Өз жамгырыңды аларга төк; Акыйкат Күндүн Нурлары аларды Сенин сүйүүң менен жаркыратсын. Аларды Өзүңдүн желаргың менен сергит, алар өссүн, илимдүү болсун, өнүксүн, ажары төгүлгөн керемет жандардан болсун. 
Сен Сыйкорсуң, Сен Кайрымдуусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Балдар жана жаштар (#15347)

О, изги Теңир! Бул аруу балдар - Сенин кубаттуулугуңдун манжаларынан жаралгандар жана Сенин Улуулугуңдун ажайып жышаандары. О, Кудай! Ушул балдарды сакта, ырайымдуулугуң менен аларды өз билимиңе сугар жана адамзатка кызмат кылышына көмөкчү бол. О, Кудай! Бул урпактар нак берметтин маңызы, ылайым, алар Сенин назик камкордугуңдун асыл казынасында бапестеп багылсын.
Сен Жоомартсың, бардыгын Сүйүүчүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Балдар жана жаштар (#15348)

О, Теңир! Ушул жаш өспүрүмдү Өз нуруңа бөлөп, ушул чабал жанга Өзүңдүн   берекеңди төк. Ага билим энчиле, ар бир күндүн таңында күчүнө күч кош, Өз коргооңдун башпаанегине ал, адашуулардан бошонуп, өзүн Сенин Ишиңе арнасын, адашкандарды жолго салсын, бактысыздарды жетелесин, кул болгондорду куткарсын жана кайдыгерлерди ойготсун, ошентип бардык адамдар Сен жөнүндө оозанып, Өзүңдү мактоого алганы үчүн Сенин батаңа ээ болсун.  Сен Кудуреттүүсүң жана Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Балдар жана жаштар (#15349)

О, Теңдешсиз Теңир! Ушул алсыз пендеңе башпаанек бол, ушул адашкан бакытсыз жанга мээримдүү жана кечиримдүү Устат бол. О, Теңир! Биз болгону бир пайдасыз өсүмдүк болсок да, Сенин гүлбагыңа таандыкпыз. Мейли, биз жалбыраксыз жана бүчүрсүз көчөт болсок да, Сенин гүлзарыңдын бир бөлүгүбүз. Ушул көк тамырды назик кайрымдуулугуңдун жамгыры менен азыктандыр, ушул көчөттү рухий жазыңдын жан берүүчү деми менен сергит жана жандандыр. Аны сезимтал, көрөгөч жана нарктуу жандардан кыл, ага түбөлүктүү өмүр тартуула жана кылымдар бою Сенин Падышалыгыңда болууну насип эт.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

